Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча рейддик иш-чаралар активдүү жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктын жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ дагы бир жолу мечиттерди, чиркөөлөрдү, бала бакчаларды жана билим берүү борборлорун текшерди.

Райондо бардыгы болуп 67 ислам жана 29 христиан мекемелери, 9 билим берүү борборлору жана 48 жеке менчик бала бакчалар жайгашкан.

Рейддик текшерүү учурунда бет кап режимин жана зыяратчылардын ортосундагы аралыкты сактабагандыгы үчүн 6 мечит жана 1 намазканга айып салынды. Текшерүү учурунда афишалар таркатылып, коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүү менен  «Солнечный город», «Слонёнок», «Зирек», «Силк роуд», «Ахунова», «Бекхан», «Умай Нур», жана «Росточек»  жеке бала бакчаларына текшерүү  жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 акт түзүлүп, сын-пикирлерди четтетүү үчүн 1 санитардык буйрук чыгарылды.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун дарыгерлерине кайрылсаңыз болот. Биздин операторлор сизге ар дайым жардам берүүгө даяр. Бет кап кийүүнү, колуңузду антисептик менен тазалоону, аралыкты сактоону жана албетте иммундук системаны бекемдөөнү суранабыз. Өзүңүздөрдү  жана жакындарыңызды сактаңыздар!