Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Көк-Жар конушундагы турак жайдын айланасындагы антисанитардык абал үчүн "Ригел" компаниясына 70-берене менен 13 миң сом айып салынган.  Ушул эле берене менен шаар тургуну Г.Сыдыковага Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан 192 үйдүн айланасындагы башаламан таштанды  үчүн 3 миң сом өлчөмдө айып пул салынды.

Көп кабаттуу үйлөрдү көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Балтагулов көчөсү   2 / 3 үйдүн жашоочусу А.Чаргымбаева 66-берене менен 3 миң сом  айып төлөйт.

Жолдордогу өндүрүштүн талаптарын бузгандыгы үчүн "Шынкыйюань Фрунзе" компаниясы 119-1 берененин 1-бөлүгүнө ылайык 23 миң сом айып төлөйт.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана мекемелер!  Сураныч!  Үйлөрдүн жана кеңселердин жанында тазалыкты сактаңыз, белгисиз жерлерге таштандыларды ыргытпаңыз жана өрттөбөңүз. Туулган шаарыңызга аяр мамиле кылыңыз!