Бүгүн Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев Бишкек шаарынын тургуну Б.Алиеванын арызы боюнча "Рухий-Мурас" жаңы конушунун жашоочулары менен жолукту.

Жолугушууга "Бишкексууканал" башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын, №6 МАБдын өкүлдөрү жана конуштун жашоочулары катышты.

Район башчысы тургундарга быйыл "Рухий-Мурас" конушуна жалпы билим берүүчү мектептин курулушу башталаарын маалымдады. Жаңы мектеп 700 орунга ылайыкташтырылып, долбоордук-сметалык кагаздары толугу менен бүткөрүлгөн. Бул мектеп шаардык бюджеттин эсебинен курулат жана учурда мамлекеттик сатып алуулар порталында конкурстук иштер жүргүзүлүп жатат.

Жолугушууда түтүндүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн “Рухий-Мурас” конушун газдаштыруу боюнча тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда бул аймакта "Топ-Газ" ЖЧКсы,"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы иштеп жатат. Ал эми, газ түтүктөрүн тургундардын үйүнө чейин тартуу иши “Газкомм” ЖЧКсы тарабынан метри 600 сомдон жасалууда. Белгилей кетүүчү жагдай, керектелүүчү материалдар жана документтештирүү иши ушул эле сумманын ичине кирет.

Аталган иш-чарада 3-көчөдө жайгашкан футбол аянтчасы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турганы, аны жакшыртуу үчүн жеке ишкерлерге берүү маселеси иштелип жатканы сөз болду.

Мындан сырткары, тургундардын демилгеси менен саркынды суулар өтүүчү канализация куруу иштери, аны мэриянын балансына алуу маселеси талкууланды. "Бишкексууканал" башкармалыгынын өкүлү аны баланска алуу үчүн техникалык тейлөөгө кабыл алуу жүргүзүлөрү, анда курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык түтүктөрдү төшөө керектигин маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына аталган кичи район үчүн "Учкун", "Аламүдүн-1", №5 поликлиника, "Таатан" базары боюнча кошумча каттам линиясын тургундар менен биргеликте карап чыгуу тапшырмасы берилди.