Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата борбор калаанын муниципалитети шаар жана   анын тургундары, ошондой эле  шаарда жайгашкан  кызыктуу  жайлары  тууралуу баяндайт.

Андыктан келгиле өткөн күндөрдү эстейли.

Элестеткиле, болгону 2 кылым мурун азыркы Бишкектин ордунда кургак талаа болгон. Токойлор дарыялардын жээктеринде гана өскөн, азыр шаар ээлеп турган аймактын оордун ондон ашык кууш агымдар кесип өткөн.
1881 -жылы атактуу Петербург багбаны Алексей Фетисов өзүнүн  окуучулары менен биргеликте   «Каражыгач токою»  паркын түзүшкөн. Дагы да ушул чоң паркта өсүп жаткан дарактардын көбү алар тарабынан отургузулган.

А.Фетисов Каражыгач токоюн Ташкент көчөсүнөн Казакстан менен чектешкен Чүй дарыясына чейин үзгүлтүксүз камыш токоюнунун оордуна өстүргөн, Ал жердин баардыгында камыштар жана бадалдар өскөн саздак аймак болгон.

Ал өзүнүн кыялындагы ойлоруна   абдан берилгендиктен шаар тургундары дагы анын кыялын оорундатууга көмөктөшүшкөн. Шаар тургундары жекшемби күндөрү чогулуп, ага сугат арыктарын бойлото бак тигүүгө жардам беришкен. 1940 -жылдары шаардыктар эки   Комсомол жана Пионер көлдөрүнүн котловандарын  казышкан.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин парк кеңейтилип, бишкектиктердин эң жакшы көргөн эс алуу жайларынын бирине айланган.

Бул токой паркы  Бишкек шаарындагы оазис жана Свердлов районунун сыймыгы, токойдун аянты 143 гектарды түзөт. Токой паркында  кайың, эмен, клен, терек, туя, бак -дарактардын  жана бадалдардын 50дөн ашык түрү өсөт.
Бүгүнкү күндө парк шаардыктарды кылымдап өскөн дарактары менен гана эмес, “Аркан Токой” паркы менен дагы кызыктырат. Аркан Токою экологиялык таза  материалдардан  иштелип чыгып, жаратылган. Паркты куруу учурунда  бир дагы бак даракка зыян келтирилген эмес.

Каражыгач токою - бул, биринчиден, чоң ата-энелерибиздин, алар жайбаракат кол кармашып баскан  жана  бейкапар балалыгын өткөргөн, сууга түшүп, чуркап жарышып, даамдуу балмуздак жешкен мектеп окуучулары жана студенттердин  жылуу эскерүүлөрү.

Эгерде сиз шаардын ызы -чуусунан тажап жатсаңыз, анда шаарыбыздын эс алуу үчүн уникалдуу паркы бар экенин унутпаңыз. Келип, кайталангыс атмосферсын сезиңиз!