Жалпыга маалымдоо каражаттарында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын кыскартуу боюнча маалымат тараган.

Бишкек шаарынын мэриясы участкалардын бригадирлери аткарылган иштердин көлөмү, ошондой эле тартылган жумушчулар жана техникалар боюнча күн сайын акт түзөрүн түшүндүрөт. Бул маалыматтар диспетчерлерге берилет. Диспетчер күнүмдүк отчеттордун негизинде ай ичинде аткарылган иштердин жалпы көлөмүн даярдайт.

Отчеттук айда аткарылган иштердин көлөмү боюнча бригадир жумушчулар тартылган ишти бекитилген сметадан иштин түрлөрүн тандап чыгарат жана ПЭБ бөлүмүнө берет.


Участкалардын бригадирлери тарабынан берилген маалыматтардын жана графиктин негизинде аткарылган иштердин көлөмүнө ылайык,  ПЭБ адистери жумушчулардын эмгек акысын эсептеп чыгышат. Ал эми даяр материал бухгалтерияга өткөрүлүп, анын негизинде эмгек акы эсептелет. Ушул эле эсеп принциби үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын эмгек акысын эсептөөдө да колдонулган.

Жаңы жетекчи өз ишин ушул жылдын 12-октябрында баштаган. 2021-жылдын 19-октябрында жумушчулар 10нан  кийин маяна ала албагандыктан иш таштоого чыгышкан. Ал убакта эсеп боюнча эч кандай финансылык каражат жок болгон, бирок бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча 8-октябрда мурдагы начальник коллективдин эмгек акысын ШЧДнин кайрылуусу боюнча акча каражаттарын алып, кредитордук карызга которгон, буга байланыштуу  жумушчулардын эмгек акысын өз убагында которууга мүмкүндүк болгон жок.

Начальник тарабынан жумушчулардын эмгек акысын кыскартуу жана кошумчалоо боюнча көрсөтмөлөр  болгон эмес жана болууга тийиш эмес.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 4-майындагы аудитордун корутундусунда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын  2015-2020-жылдарга карата ички аудитинин жыйынтыгында 2016-2020-жылдар аралыгындагы эмгек акынын ашыкча төлөнүшү боюнча факт катталган, анда  көрсөтүлгөн суммадан ашыкча төлөнгөнү көрсөтүлгөн.