Ленин районунда калк арасында COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

«Адам» университетинин базасында жана №20, 91, 94 кесиптик лицейлеринде 400 студент жана окутуучулар үчүн иммунолог-врачтар менен жолугушуу уюштурулду.

Ошондой эле, «Элитстрой» жана «Уста» базарларынын администрациялары менен биргеликте сатуучулар жана базарга келгендер үчүн маалыматтык-түшүндүрүү маеги уюштурулду. Лекцияга 120дан ашык адам катышкан.

Жолугушууларда иммунологдор COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн зарылчылыгы, санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо тууралуу айтып, берилген суроолорго жооп беришти.

Урматтуу шаардыктар! Бардыгыңыздарды вакцинаны алууга чакырабыз. Белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды мындан ары да сактоону суранабыз: беткап кийип, аралыкты сактап, антисептик колдонуп жана имараттын ичип тез-тез желдетип туруңуздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!