Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун эл аралык байкоочулары Стивен Мэй жана Шери Мерфи менен жолугушту.

Айбек Жунушалиев ЕККУнун өкүлдөрүнө үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча борбор калаанын мэриясынын ишмердүүлүгү тууралуу,  тактап айтканда, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (БТИК) жана участкалык шайлоо комиссияларына (УШК) шайлоону өткөрүүдө көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын иши жөнүндө кеңири маалымат берди.

Бишкек шаарынын мэри ошондой эле жеке өзү жана жалпы эле борбордун мэриясы шайлоо процессине кийлигишүүгө жана анын ар кандай көрүнүштөрүндө административдик ресурсту колдонууга караманча каршы экенин кошумчалады. Мэрия жергиликтүү бюджеттен төлөмдөрдү  толук же жарым-жартылай алуучу бардык адамдарды (квартал жана үй комитеттеринин төрагалары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери ж.б.) кызматтык абалына байланыштуу бардык чектөөлөрдү сактоолорун  талап кылат.

Айбек Жунушалиев эл аралык байкоочуларды кабыл алып, шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар болсо Бишкек АШКсына же жеке өзүнө өз убагында жооп берүү үчүн билдирүүгө чакырды. Мэр муниципалитеттин таза шайлоолорду өткөрүү боюнча коомдук жарнактарды жайгаштыруу демилгесине токтолду.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 228 УШК түзүлүп, шайлоочулардын саны 430 108 адамды түзөт.