Бишкек троллейбус башкармалыгы кыш мезгили башталаар алдында троллейбустарды пландуу техникалык кароодон өткөрдү.

Кыймылдуу составды жакшы абалда кармоо үчүн техникалык кароо жүргүзүлөт. Бул коопсуздукту, өзгөчө электр жана өрт коопсуздугун мүнөздөгөн бардык параметрлер ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык келет жана бардык аба ырайынын шарттарында жол кыймылынын жана жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугун камсыз кылат дегенди билдирет.

Борбор калаанын троллейбустарын техникалык кароодон өткөрүү троллейбус жасоочулар тарабынан белгиленген тартипте бекитилген колдонуудагы эксплуатациялоо жана оңдоо документтерине ылайык жүргүзүлдү.

Жалпысынан 140 троллейбус сыноодон өткөн. Адистер тарабынан ар бир станоктун майда-чүйдөсүнө чейин бузулуулар аныкталып, акт түзүлүп, ага ылайык тиешелүү бөлүмдөр аларды жоюу иштерин жүргүзүшөт.

Бөлүмдүн кыймылдуу курамынын техникалык абалын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына:

- Башкы инженер;
- Техникалык өндүрүш бөлүмүнүн адистери;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын инженерлери;
- автобаза-1 жана автобаза-2 начальниктери;
- резина боюнча техник;
- электроника инженерлери;
— жабдуулардын конфигурациясын жана электр автомобилдерин ремонттоо боюнча билими бар слесарлар.

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын балансында 183 троллейбус болсо, анын 31и комиссиянын чечими менен эсептен чыгарууга жөнөтүлгөн. Шаардыктарды тейлөө үчүн күнүнө 130га жакын троллейбус чыгат.