Санитардык-экологиялык инспекция КРнын Жаратылышты пайдалануу жана экология министрлиги менен биргеликте иш алып барууда.
Санитардык текшерүү “Дордой” жаңы конушунда болуп, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча мыйзам бузуу фактыларын аныктадык. Алибай У.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 70-беренесине ылайык, жоопкерчиликке тартылат. Беренеге ылайык жеке жактарга айып пул 3 миң сомду түзөт.

Ал эми Кожевенная көчөсүндө жашаган С.М.Акматов жолдун жүрүүчү бөлүгүнө курулуш материалдарын жана топурактарды таштаганы үчүн айыпка тартылат. 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 7500 сом өлчөмүндө айып төлөйт. Мындан тышкары, ага аймакты иретке келтирүү боюнча буйрук чыгарылган. Болбосо, ал буйрукту аткарбаганы үчүн өзүнчө жоопкерчиликке тартылат.

Ал эми Биринчи май акимиатында тыюу салынган буюмдарды өрттөө боюнча көчмө бригада түзүлүп, рейддер өтүүдө. Бригаданын курамына: санитардык-экологиялык инспекциясынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыгынын  өкүлдөрү кирди.

Экологиялык топ Тоголок Молдо көчөсү менен Турусбеков көчөсүнүн Жибек-Жолунан Баялиновго чейинки бөлүгүн басып өтүштү.

15 чарба жүргүзүүчү субъектилер, анын ичинде 5 тигүү цехи, 4 техникалык тейлөө станциясы (ТТС), 5 коомдук тамактануу пункту жана 1 конок үйү, ошондой эле 5 жеке турак жай текшерилди.

Тыюу салынган буюмдарды өрттөө аныкталган эмес. Негизинен тургундар көмүр, отун колдонушаары аныкталды.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы тыюу салынган буюмдарды өрттөбөөнү суранат. Түтүн менен бирге оор химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ден соолукка зыян келтирип, атмосфералык абанын сапатын бузат.

Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып салынат.

Санитардык-экологиялык инспекциясына  төмөнкү телефондор аркылуу  кайрылыңыздар:

Свердлов району боюнча: 0551551745;

Октябрь району боюнча: 0505523832;

Биринчи май району: 0555404818;

Ленин району: 0554222213.