Жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор 2021-жылдын 7-декабрынан тарта иштей баштайт.

Көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоо үчүн  өз билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүшөт.

Мобилдик топтордун чыгуу графиги Бишкек шаарынын  мэриясынын расмий сайтында жайгаштырылат: meria.kg

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга  укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 техникалык паспорттордун маселесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому коомдук талкуудан өткөн.

Урматтуу жаңы конуштардын тургундары! Жер тилкелерин каттоодо талап кылынуучу документтердин тизмеси менен таанышып чыгууну суранабыз.

Алгачкы кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн документтердин тизмеси:

1.Өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү).
2.Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар.
3.Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөнүн сандык курамынан маалымат кат.


_________________________________________

“Жер-Ынтымагы” жаңы конушунун биринчи тургуну кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортун алуу үчүн документтерди каттады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы №294 токтомуна ылайык, бүгүнтөн баштап “Жер Ынтымагы” конушунда өз алдынча турак-жай курулган жер участоктору үчүн мобилдик топтор изилдөө иштерин жүргүзүп, техникалык паспортторду даярдоо иштерин баштады.

Шаардык кызматтардын комплекстүү жана эффективдүү иши алгачкы натыйжасын берүүдө. Бүгүнкү күндө каттоо күбөлүгүн алуу үчүн арыз жазган биринчи шаар тургуну бар. Жеринде КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жана Ленин акимиатынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Бул багыттагы иштер уланууда.
Белгилей кетсек, мобилдик топтордун шаардын башка калктуу конуштарына баруу графиги Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына алдын ала жарыяланат.

Эске сала кетсек, буга чейин, 18-ноябрда КРнын Президенти Садыр Жапаров Президенттик Аппараттын имаратынын алдына чогулган “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына менен кезиккен.

Шаардыктар турак-жай аянты санитардык коргоо зонасынын аймагында жайгашкандыгына байланыштуу 15 жылдан бери жер тилкелерине жеке менчик укугуна мамлекеттик актыларды («Кызыл китептер») ала албай жүргөндүгүн айтышкан. Ушуга байланыштуу алар мамлекеттик кызматтарды алууда  каттоонун жоктугунан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп келишкен.

Алардын кайрылуусун уккан Президент Садыр Жапаров тиешелүү адистер жер-жерлерге барып, маселени иликтеп, кырдаал боюнча маалымат берерин убада кылган жана андан кийин тиешелүү чечим кабыл алынаарын билдирген.

ТҮШҮНДҮРМӨ: техникалык паспорт укуктун документи эмес - бул үйдүн техникалык мүнөздөмөлөрү гана көрсөтүлгөн документ. Техникалык паспортко объекттин экспликациясы жана планы тиркелет.


_________________________________________

Бишкек шаарында 154 техникалык паспорт берилди

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча 23-декабрга карата 154 техникалык паспорт берилген.

Жалпысынан 903 арыз кабыл алынып, 5 баш тартуу, 66 өндүрүштө, 284 техникалык паспорт даярдалган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат.

Техникалык паспортту даярдоо легалдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.


_________________________________________

Жаңы конуштарда техникалык паспортторду каттоону мобилдик топтор гана аткарат

Урматтуу конуштардын тургундары! Белгилүү бир акчага техникалык паспорт даярдоого жардам берем дегендерге ишенбөөнү суранабыз, алар шылуундар.

Борбор калаанын мэриясы документти даярдоого көчмө мобилдик топтор тартылып, иликтөө иштерин жүргүзүп, андан өз билемдик менен курулган жер тилкелерине Техникалык паспорт даярдалып жатканын эскертет. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик каттоого түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча, 28-декабрга карата 362 техникалык паспорт берилген. Бардыгы болуп 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылган, 596 техникалык паспорт даярдалган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Техникалык паспортту даярдоо жер тилкесин мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуздар, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.


_________________________________________

“Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 475 техникалык паспорт берилди.

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча,  29-декабрга карата “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 475 техникалык паспорт берилген.

Бардыгы болуп 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылып, 630 техникалык паспорт даярдалды.

Ошондой эле, жеке тартипте “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамическая”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-е Черепки”, “Кара-Жыгач”, «Тынчтык», «Учкун» 2021-жылдын 13-декабрынан тартып 357 арыз кабыл алынган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан баштап ишке киришкен.

Көчмө топтор иликтөө иштерин жүргүзүп, андан соң өз билемдик менен курулган турак жай жер тилкелерине Техникалык паспорт даярдашат. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик каттоого түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо жер тилкесин мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.
Урматтуу шаардыктар! Сиздерден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуздар, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.



_________________________________________

Бишкектин конуштарынын тургундарына 757 техникалык паспорт берилди

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 15-январга карата конуштардын  тургундарына 757 техникалык паспорт берилген.

«Жер-Ынтымагы» конушу  боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда канааттандыруудан баш тартылган, 959 техникалык паспорт берилген.

Ошондой эле,  “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамик”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, "Тынчтык", "Учкун" конуштарынан  2021-жылдын 13-декабрынан бери 293 кайрылуу кабыл алган.

2022-жылдын 11-январынан бери Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, анын тургундары 419 арыз менен кайрылышкан.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдштырууга  укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Сизден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болгондор болсо, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.



_________________________________________

Жаңы конуштун жашоочуларына 999 техникалык паспорт берилди

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча,  25-январга карата конуштардын тургундарына 999 техникалык паспорт берилген.

«Жер-Ынтымагы» конушу  боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 10 учурда четке кагылган, 1012 техникалык паспорт берилген.

Ошондой эле, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамическая, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарында декабрь айынан бери 1384 кайрылуу келип түшкөн.

2022-жылдын 11-январынан тарта Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, анын тургундары 419 арыз менен кайрылышкан.

17-январдан бери Ак-Тилек конушунан  186 арыз кабыл алынган. Ак-Босого конушунун тургундарынан 127 кайрылуу түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болгондор болсо, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.



_________________________________________

Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын жашоочуларына 1256 техникалык паспорт берилди

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 1-февралга карата жаңы конуштардын тургундарына 1256 техникалык паспорт берилген.

«Жер-Ынтымагы» конушунан 1070 арыз кабыл алынып, 1039 техникалык паспорт берилген.

Ошондой эле, “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамическая”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, “Тынчтык”, “Учкун”  конуштарынан 2021-жылдын 13-декабрынан бери 1901 кайрылуу кабыл алган.

2022-жылдын 11-январынан тарта “Дордой-2” жаңы конушунда иш башталып, жашоочулардан 419 арыз берилип, бүгүнкү күндө 88и даяр.

17-январдан тарта “Ак-Тилек” конушунда иш башталып, 186 арыз кабыл алынган. “Ак-Босого” конушунун тургундарынан 610 арыз түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан баштап ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз билемдик менен курулган турак-жай жайгашкан жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Шаардыктар ошондой эле түздөн-түз Мамлекеттик каттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо жер тилкесин мыйзамдаштырууга  укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз иш-аракеттерге күбө болгондорсоңуздар, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.


_________________________________________

Эки айдын жыйынтыгы: жаңы конуштардын жашоочуларына 1381 каттоо күбөлүгүн беришти

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 7-февралга карата жаңы конуштардын тургундарына 1381 техникалык паспорт берилип, дагы 457 техникалык паспорт берүүгө даяр.

«Жер-Ынтымагы» жаңы конушунун аймагы боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 1040 техникалык паспорттор даярдалып, 898и берилди.

Ошондой эле, “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамика”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, «Тынчтык», «Учкун» конуштарында 2021-жылдын 13-декабрынан бери 2330 арыз кабыл алынып, 561 техникалык паспорт даярдалып, анын 408и берилген.

2022-жылдын 11-январынан бери «Дордой-2» жаңы конушунда иш башталып, анын тургундары 421 арыз менен кайрылышкан, бүгүнкү күндө 158и даяр, 71 техникалык паспорттор берилген.

17-январдан бери “Ак-Тилек” конушунда да иш башталып, 188 кайрылуу кабыл алынып, 42 техникалык паспорт даярдалган, “Ак-Босого” конушунун тургундарынан 940 арыз түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор туура эки ай мурун, 7-декабрда ишин баштаган.

Көчмө бригадалар өз билемдик менен турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Ошондой эле шаардыктар «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы бөлүмүнө түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арызын калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болгондор болсо, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.