Эртең менен Бишкек мэриясынын алдында  Арча-Бешик конушундагы ушундай эле көчөнүн тургундары жер тилкелерин мыйзамдаштыруу талабы менен митингге чыгышты.

Алар менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолугуп, анда бул көчө Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу экени белгилүү болду.

Буга чейин 2005-жылы бул жер тилкелери Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын чечимдери менен берилген, бирок ал аймак Сокулук районуна карагандыктан, 16 жылдан бери маселе чечилбей келген.

Шаар мэри конуш тургундарын  угуп, «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунун Бишкек шаарынын жерлеринин иш жүзүндөгү жана келечектүү чектерин жана шаар четиндеги аймактын чектерин белгилөө боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. Долбоорлоо институту сунуштаган схема боюнча бул жер тилкелери борбордун административдик чек арасына киргизилген.

Анын жыйынтыгы менен «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча «Бишкек шаарынын жана шаар четиндеги чегинин административдик чек араларынын схемалары» жана жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына кийин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн “Бишкек шаарынын администрациялык-аймактык чектерин бекитүү жөнүндө” ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.

Тургундар мэрге кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушуунун жыйынтыгына канааттанышты.