Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту.

Жолугушууда элчи Казакстан Республикасынын жетекчилигинин атынан Бишкек шаарына, өзгөчө муниципалитеттин башчысына Казакстандагы туруксуз саясий кырдаал учурунда Казакстандын жарандарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Мэр бишкектиктер учурда Казакстанда жүргөн мекендештеринин тагдырына, ошондой эле кыргызстандык дипломаттар Бишкекке кайтарып берген Чолпонбек Сыдыковдун ден соолугуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи.

Мэр Бишкек шаарынын мэриясы боордош элдин тынчтыкты жана туруктуулукту  орнотууга жана чыңдоого ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Тараптар мындан ары кызматташууну бекемдөө жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындан тышкары, коомдук маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшкөн жана казакстандыктарды колдоодо активдүү жарандык позицияны көрсөткөн волонтерлордун ишмердүүлүгү белгиленди. Кайрымдуу жарандарга борбор калаанын мэриясынын жана Казакстан Республикасынын элчилигинин ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

«Сиздердин берешендигиңиздерге чек жок. Ар ким өз ишин таштап, муктаж болгондорго жардамга келе албайт. Чыныгы боорукер адамдар гана волонтер боло алышат. Рахмат!”,-деди муниципалитеттин башчысы.

«Колдооңуздар жана жардамыңыздар үчүн чоң рахмат, Казакстандын 1600дөн ашык жараны оор кырдаалдан улам Бишкек аркылуу кайтып келүүгө аргасыз болушту, анткени алар географиялык жактан жакыныраак болгону үчүн эмес, анткени Кыргызстан кыйын учурда Казакстанга колдоо көрсөткөн боордош өлкө», - деп белгиледи Рапил Жошыбаев.

Эске салсак, жергиликтүү бюджеттен каражат табуу зарыл болгон эмес, Казакстан Республикасынын жарандарынын жолугушуусун уюштуруу иштери демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.