Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин 2004-жылдын 17-мартындагы № 2 келишиминин негизинде Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын базасында, Бишкек шаарынын мэриясынын жана БШКнын биргелешкен токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын алдында Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору түзүлдү. Ошол эле учурда директор болуп Жумабеков С.А дайындалган.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги бир катар шаардык саламаттыкты сактоо мекемелеринин, анын ичинде Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору жалгыз негиздөөчүсү катары аныкталган.

Документке ылайык, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдары Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлгөн. Бирок бул келишимдин аткарылышы толук аткарылган эмес. Бүгүнкү күндө муниципалитет мыйзамда белгиленген тартипте жогорудагы 2017-жылдын келишимин аткаруунун үстүндө иш алып барууда.

Маалымат үчүн: «Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык ишин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жөнгө салат, координациялайт жана контролдойт. Ошентип, медициналык ишти уюштуруу жана саламаттыкты сактоону камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин компетенциясына кирет.