Борбор калаада мектептердин имараттарын кеңейтүү иштери  жигердүү жүргүзүлүп жатат.

№20 орто мектепте капсула салынган  күндөн тарта бир жумадан кийин фундаменталдык чуңкурду казуу, бетонду түптөө, пайдубалын куруу иштери аяктады. Кубаттуулугу 500 орунга ылайыкталган.

№73 мектептин аймагына 525 орундуу окуу корпусу курулат. Учурда подрядчы тарабынан жер казуу, бетондук таман жана темир-бетон фундаменти бүткөрүлдү. Учурда тилкелүү фундаментти орнотуу жана тышкы электр менен камсыздоо тармактарын салуу жүргүзүлүүдө.

№40 орто мектепте да иш кызуу жүрүп, ал жерде дагы 500 орундуу корпус салынууда. Учурда 4 блоктун котлованынын казуу, фундамент үчүн темир бетон тумбасын жана тышкы суу-канализация тармактарын орнотуу бүткөрүлдү.

Казылган жерди кайра толтуруу, газ отканасын казуу жана тышкы электр тармактарын тартуу үчүн траншеяны өздөштүрүү иштери улантылууда.

№35-мектепке спорт зал салынып жатат. Учурда жер казуу, бетондоо иштерин бүткөрүлүп, пайдубалын түптөө иштерин баштадык.

Белгилей кетсек, бул чыгымга имараттарды бүтүрүү, тышкы инженердик тармактарды куруу жана жашылдандыруу да кирет.

Эскерте кетсек, 7-майда борбор калаанын мэри имараттардын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, жаңы окуу жылынын башталышына өз убагында жетишүү үчүн куруучуларга имараттардын курулушун тездетүү өтүнүчү менен кайрылган.