Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам борборунун жыйындар залында социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында  шаардык социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча көп тармактуу координациялык комитеттин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча шаардык координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Күн тартибинде 2021-жылы жана 2022-жылдын 3 айында кутурма оорусунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, ошондой эле парентералдык вирустук гепатит оорусунун эпидемиологиялык абалы жана Бишкек шаарында 2021-жылы жана 2022-жылдын 3 айында жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралар жөнүндө маселелер каралды.

2021-жылы шаар тургундарын чагып алуу учуру менен 2445 кайрылуу келип түшкөн, ал эми 2020-жылга  2345 адам кайрылган. Белгилүү (үй жаныбарлары) чаккан кайрылуулардын көбөйүшү байкалат. 2022 – жылдын акыркы мезгилинде 2376 адам ит тиштегенден жапа чеккен, анын ичинде белгилүү – 1781, белгисиз-595. Мышыктын тиштеп алуусу боюнча 408 адамда катталган, алардын ичинен белгилүү мышыктар – 330, белгисиз  - 78, башка жаныбарлар– 123.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу, жайылтуу жана жоюу боюнча, эпизоотияга каршы, ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүү үчүн үй жаныбарларынын санын эсепке алуу жана каттоо боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүү тапшырылды. Ошондой эле жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эмдөөнүн зарылдыгы боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү тапшырылды.