Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде директор Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өттү.

Жыйынга ЖКККББнын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар коомдук транспорттун айдоочуларынын эстетикалык көрүнүшүн жана тейлөө маданиятын, коомдук транспорттордогу кырсыктарды жана кыймылдуу курамдын санитардык абалын талкуулашты.

Ошондой эле автобустарды жана троллейбустарды накталай эмес жол кире менен электрондук билетке өткөрүү маселесин көтөрүштү. Департаменттин жетекчилиги биринчи кезекте муниципалдык транспорт өткөрүлөрүн, андан кийин жеке кыймылдуу состав пландалып жатканын билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча шаардык каттамдарда (менчигинин түрүнө карабастан) жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген транспорттук ишканалардын жетекчилерине жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу, атап айтканда, жүргүнчүлөрдү  аялдамаларда отургузуу жана түшүрүү боюнча бригадирлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,  ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин жана санитардык нормаларды сактоо тапшырылды.

Мындан тышкары, бардык транспортту иретке келтирүү,  1 айдын ичинде жарнамаларды алып салуу жана аны жаңыртуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.