Свердлов райондук администрациясында райондук кызматтардын башчылары жана МАБ жетекчилери менен пландуу жыйын өттү.

Жыйында борбордук көчөлөрдүн боюнда жайгашкан имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланып, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы «Бишкекасфальтсервис» МИнин 2022-жылга карата иш планы каралды.

Пландык жыйындын жыйынтыгы менен «Бишкекасфальтсервис» МИге райондогу тротуарларды курууну тездетүү, ошондой эле жолдордун капиталдык курулушу боюнча мурда башталган иштерди аягына чыгаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Ленин районунда да пландуу жыйын өтүп, анда “Тазалык” ишканасынын абоненттик базасын көбөйтүү, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрүү боюнча маалымат угулду.

Пландык  кеңешменин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башчысына МАБ менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчтөрүн аткаруу жана салыктарды убагында чогултуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды. Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын директоруна  райондун мектептеринде акыркы коңгуроо,  аттестаттарды тапшыруу иш-чараларын өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чараларын күчөтүү милдеттендирилди. Экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысына жеңил объектилерди жана көрнөк-жарнактарды демонтаждоо боюнча рейддерди өткөрүү тапшырылды.