Шаарыбызда Герман Гмайнер атындагы билим берүү комплексинин 20 жылдык мааракеси белгиленди. Педагогикалык жамаатты жана окуучуларды шаардын  вице-мэри Виктория Мозгачева куттуктады.

Мекеменин курулушу 2002-жылдын июль айында SOS Балдар Айылын  түзүү боюнча эл аралык коом тарабынан ишке ашырылып, анын ишмердүүлүгү 1996-жылдын 27-декабрындагы «SOS Балдар Айылын түзүү жана алардын иштеши жана ага байланыштуу долбоорлор жөнүндө» макулдашуунун негизинде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен SOS -KINDERDORF INTERNATIONAL дын  ортосунда SOS Балдар айылын  түзүү боюнча Эл аралык коом тарабынан ишке ашырылган.

2002-жылдан тарта  Бишкек мэриясы мектептин коммуналдык төлөмдөрүн гана жаап келет.

Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде  Бишкек шаарындагы SOS Балдар айылынын балдары, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат.

Окуу-тарбия комплексинде окуган балдар үчүн  учурда балдар айылында социалдык-педагогикалык психологиялык жардам көрсөтүү максатында  балдарды реабилитациялоо, турмуштук оор кырдаалда кыска мөөнөттүү  жардам көрсөтүү  каралган.

Немис тилин тереңдетип окуткан кыргыз тилиндеги мектеп, концептуалдык негизги окутуунун индивидуалдаштырууну жана дифференциялоосун камтыган адаптивдик окутуу модели болуп саналат.

Учурда мектеп окуучуларынын  саны 756 баланы, бала бакчада 76 баланы түзөт. Ал жерде жетим балдар, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары,  мүмкүнчүлүгү чектелген балдар акысыз окушат.

Окуучулардын  ата-энелеринин төлөмдөрүнөн түшкөн бардык каражаттар социалдык жактан аз камсыз болгон  үй-бүлөлөрдүн балдарына жумшалып, бул бардык категориядагы балдар үчүн сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк берет, бул SOS Kinderdorf Фондунун негизги миссиясы.

Планга ылайык, социалдык жактан аз камсыз болгон  үй-бүлөлөрдүн балдарынын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

Маалымдама: Герман Гмайнер (жетим) балдарды гумандуу тарбиялоонун моделинин автору.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ал (жетим) балдарга жардам берүүнү чечкен.

Ошентип, ал SOS Балдар Айылы үчүн  жөнөкөй 4 принциптен турган педагогикалык моделди түзүү идеясына келген: Апам, Бир туугандарым, Үй жана Балдар Айылы.