Билим берүү башкармалыгы №29 окуу-тарбия комплексинин  базасында жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, үй-бүлөдөгү жана коомдогу зомбулуктан, социалдык-укуктук жактан коргоону камсыздоо, ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдун максаты жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, балдардын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ырайымсыз мамиленин алдын алуу жана балдарга карата зомбулук, оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам аракеттердин алгоритмин жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү болуп саналат.

Тегерек столдун алкагында тараптар буга чейин мектептерде жашы жете электер арасында өткөрүлүп  жаткан иш-чаралар,  тажрыйбалары менен бөлүшүп, пикир алмашышты.

Окуучулардын катышуусундагы видеороликтер, мектептеги социалдык-психологиялык кызматтын иши, ишке ашырылып жаткан «Зомбулуксуз мектеп» долбоору, профилактикалык предметтердин өз ара аракети тууралуу слайддар көрсөтүлдү.

Тегерек столдун жыйынтыгында мектептерде социалдык-психологиялык кызматтардын ишин, жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчилик боюнча мектептердин ата-энелер менен өз ара аракеттенүүсүн, жашы жете электердин иштери боюнча инспекция менен биргеликте мектеп окуучуларынын  иштөөсүн күчөтүү боюнча тапшырмалар берилип, мектептердеги мугалимдердин этикасын карап чыгуу сунушу болду.