Биринчи май райондук администрациясында салтка айланган пландуу жыйын өттү.

Район башчысы Максатбек Сазыкулов райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жана МАБдардын жетекчилери менен үч маселени: Евразия экономикалык форумуна делегациянын келишине даярдыктар, ирригация иштери, райондогу мыйзамсыз сооданын алдын алуу боюнча рейддерди  талкуулады.

Пландык жыйындын жүрүшүндө «Бишкекасфальтсервис» МИге Чүй проспектиси, 245 дарегиндеги Демир Банктын түндүк-батыш тарабындагы жолду оңдоо (бордюр орнотуу, асфальттоо) иштерин уюштуруу тапшырылды.

“Тазалык” муниципалдык ишканасына  Манас проспектисинин боюнда жайгашкан жер астындагы өтмөктөрдү оңдоо иштеринин сметасын даярдоо милдеттендирилди.

«Бишкекжашылчарба» МИге  «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын өндүрүш программасына Панфилов көчөсү  Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки сугат тармактарын реконструкциялоону киргизүү тапшырмасы берилди.

Баш аламан соода-сатыкты алдын алуу максатында биргелешкен рейддерди өткөрүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жооптуу кызматкерине жүктөлдү, ошондой эле Биринчи май районунун аймагында мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча салык кызматы  сунуштарды  киргизүүсү зарыл.

Тиешелүү кызматтар 2022-жылдын 24-майына чейин Жусуп Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү бардык объектилердин Кыргыз Республикасынын жер, архитектура жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын сактоосун биргелешип текшерүүнү жүргүзөт.

Жыйындын жыйынтыгы менен райондук кызматтарга тиешелүү тапшырмалар көрсөтүлгөн протокол түзүлдү.