31-майда борбор калаада курулуп жаткан социалдык объектилерге пресс-тур өткөрүлдү. Журналисттер республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектеп жана бала бакчанын курулуш этаптары менен таанышты.

Алгачкы объект Бишкектин түндүк тарабындагы, Биринчи май районундагы Ак-Босого конушундагы мектеп болду.

Анда дренаж тармагын куруу үчүн мектептин аймагын кургатуу иштери уланууда. Учурда өсүмдүк катмары кыркылып, казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 5022 чарчы метрди түзөт, 3 блоктон турат жана 660 окуучу орунга ылайыкталган. Биринчи блокто кабинеттер жана окуу класстары болот. Экинчи блокто: спорт залы, жыйындар жайы, ашкана. Үчүнчү блокто: окуу класстары. Подрядчы уюм «Эталон Вин Спец Строй».

Андан ары пресс-турдун катышуучулары №20 мектепте болушту, анда мектепке кошумча имарат курулуп жатат.

Бүгүнкү күндө котлован, бетондук таман жана кошумча курулуштун фундаменттик пайдубалын куруу иштери аяктады. Учурда колонналарга бетон аралашмасын куюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Имарат 500 окуучуга ылайыкталган. Жалпы аянты 5035 чарчы метр.

№20 орто мектеп 1969-жылы пайдаланууга берилген. Бул мектепте окуучулардын орундары жетишсиз болгондуктан, кошумча окуу корпусун куруу пландалууда. Окуу корпусу жыйындар жайы, хореографиялык жана спорттук залдар, китепкана, ашкана жана өтмө галерея менен долбоорлонгон. Ошондой эле мектептин аймагын жакшыртуу пландалууда.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Аванград-Стиль» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

№40 орто мектеп үчүн 500 орундуу кошумча имараттын курулушу уланууда. Жалпы аянты - 4137 м2.

Бүгүнкү күндө колонна үчүн пайдубал негиздерин жана бетондук тумбаларга каралган колонна үчүн пайдубал негиздерин орнотуу иштери аяктады. Бардык 4 блокто тирөөч дубалды орнотуу иштери жүрүп жатат.

№40 орто мектеп 1961-жылы пайдаланууга берилген. Окуучу орундардын жетишсиздигинен улам орто мектепте жыйындар жайы, хореографиялык жана спорттук залдар, китепкана, ашкана, өтмө галереясы бар окуу корпусун куруу пландалып, ага жашылдандыруу иштери кирген. Мындан тышкары газ отканасын куруу пландалууда. Ишти подряддык уюм «Лидер-Хаус» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Ошондой эле, Жал-29 кичи районунда бала бакча үчүн курулуш иштери жүрүп жатат. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 6 тайпага, 140 орунга ылайыкталган. Жер участогунун аянты 1,8 гектарды, ал эми курулуштун аянты 1484 чарчы метрди түзөт. Учурда подряддык уюм тарабынан жер казуу иштери бүткөрүлүп, фундаментти орнотуу иштери жүрүп жатат.

Подряддык уюм - "Улар-Транс" ЖЧКсы.

380 орундуу №10 орто мектепте имаратты бекемдөө жана капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө. Жалпы аянты 2369 чарчы метр. Азыр имараттын периметри боюнча пайдубалын бекемдөө, спорт залынын сырткы жана ички дубалдарынын торкеттештирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, биринчи жана экинчи кабаттын ортосундагы тосмолорду жана чатырын орнотуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Мектеп имараты 3 блоктон турат. №1-блок 1938-жылы, №2 жана № 3 блоктор - 1967-ж курулган. Мектеп имараттары бекемделүүгө жана капиталдык оңдоого муктаж. Ошондой эле мектептин аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тосуу, жолдорду жана тротуарларды иретке келтирүү, балдар спорт аянтчаларын, воркаут куруу иштери каралган. Ишти подряддык уюм «Аргын курулуш» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жүк көтөрүүчү жана тосмо конструкцияларынын санитардык нормаларына жана эрежелерине ылайык, бетон аралашмасын куюу үчүн эң ылайыктуу убакыт кечки убакыт болуп саналат. Күндүзгү убакытта колонна үчүн пайдубал негиздерин орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранып, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.