Бүгүн Октябрь администрациялык районунун жыйындар залында Октябрь районунун прокуратурасынын демилгеси менен райондун ишкерлери менен жолугушуу уюштурулду.

Бул жолугушуу КРнын  Президентинин 29-жылдын 2021-январындагы «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгын, ошондой эле 4-жылдын 2021-мартындагы «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында уюштурулган.

Кеңешмеге Октябрь районунун прокурору Кубанычбек Нуруллаев, Октябрь администрациялык районунун башчысынын биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков, Октябрь районунун прокурорунун орун басары Азамат Осмоналиев, Октябрь районунун МСКБнын башчысы Нурлан Маманов, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова жана ишкерлер катышты.

Жолугушууда салык жана укук коргоо органдары, Октябрь районунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары тарабынан ишкердик субъекттеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү болгон учурда ишкерлер райондук прокуратурага, анын ичинде ишеним телефону аркылуу кайрыла алары маалымдалды.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү боюнча мындан аркы тыгыз өз ара аракеттенүүгө ыраазычылыктарын жана даярдыгын билдиришти.