Биринчи май администрациясынын кызматкерлери шаардык кызматтар менен биргеликте билим берүү уюмдарынын 5 объектисин текшеришти.

№ 6 автордук окуу комплекс  мектеп-гимназиясынын (АУВК) окуу корпусунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Учурда экинчи кабаттагы кирпич, электр жумуштары, металл фермаларын жасоо иштери жүргүзүлүүдө. Иштер 40% га аткарылган. Жаңы имаратта: спорттук, жыйындыр, бий залдары жана китепкана каралган.

№ 75-мектепте эски имараты толугу менен бузулуп, 550 орундуу, эки кабаттуу жаңы имарат курулуп жатат, газ отканасы да каралган. 2-кабатына  кирпич коюу,  жасалгалоо иштери жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мектеп 40% га даяр.

Ак-Босого конушунда  кубаттуулугу 660 орундуу, эки кабаттуу мектептин курулушу 30% га аяктады, ошондой эле дренаж, жер казуу, бардык блоктордун таяныч дубалдарына бетон куюу жана гидроизоляция боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ушундай эле пайыз даярдык менен Көлмө конушундагы 380 окуучу орунга эсептелген №78 мектептин кошумча имаратынын курулушу жүрүп жатат, имарат эки кабаттуу. Азыркы учурда ал жерде биринчи кабатын кирпичин коюу, экинчи кабатка монолит куюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, аны менен кошо от жагуучу жай жана   даараткана курулууда.

Мурас-Ордо конушунда  660 орундуу мектептин курулушунун жүрүшү текшерилди.  Имараттын эки кабаттуу конструкциясы, ошондой эле жер төлө жайы бар. Имарат 90%га бүткөрүлүп, бардык блокторду бүтүрүү, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу түтүктөрүн кошуу, сырткы жасалгалоо, тосмолорду орнотуу улантылууда.  «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан асфальт төшөлүүгө даярдык көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, бардык курулуп жаткан объектилер боюнча мамлекеттик экспертизанын корутундусу бар.