Октябрь акимиатында социалдык маанидеги оорулар боюнча райондук көп тармактуу координациялык комитетте Бишкек шаарындагы ВИЧ/СПИД боюнча эпидемиологиялык абал талкууланды.

Жыйын шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун, билим берүү борборунун, райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын социалдык кызматкерлеринин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, БККУнун, ошондой эле № 6 жана 8 ҮМБнун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.
Аталган иш-чара 1-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулду.

ВИЧ-инфекциясын алдын алуу, анын ичинде калктын ар кандай курактагы жана социалдык топтору үчүн, өзгөчө өспүрүмдөр жана жаштар үчүн маалымат жана түшүндүрүү иштери маанилүү бойдон калууда.
2022-жылы эле ВИЧ инфекциясынын жаңыдан аныкталган 346 учуру катталса, 2022-жылдын 1-ноябрына карата жалпысынан Бишкек шаары боюнча катталгандардын саны 2804 жетти.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев Бишкек шаарында ВИЧ-инфекциясын азайтуу үчүн биргелешкен аракеттер ВИЧ-инфекциясы боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана системалуу сектор аралык мамиленин негизинде профилактикалык иш-чаралардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталыш керектигин баса белгиледи.