Муниципалитетте борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүгү” акциясы боюнча жыйын өттү.

Жолугушууда 10-декабрга чейин улана турган акциянын алкагында иш-чараларды өткөрүүнүн уюштуруучулук жагы талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгы менен иш-чаралардын планы бекитилип, тиешелүү шаардык кызматтарга коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана гендердик зомбулук көйгөйлөрүнө көңүл бурууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Эскертүү Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк – бул жыл сайын өтүүчү эл аралык кампания, ал 25-ноябрда, Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрга, Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин созулат.

Кампания 1991-жылы биринчи Аялдардын Глобалдык Лидерлик Институтунун активисттери тарабынан негизделген жана жыл сайын Аялдардын Глобалдык Лидерлиги Борбору тарабынан координацияланып келет. Бул дүйнө жүзү боюнча жеке адамдар жана уюмдар тарабынан аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакыруу үчүн уюштуруу стратегиясы катары колдонулат.