№2 орто мектептин базасында Ленин районунун билим берүү уюмдарынын директорлору менен жолугушуу болуп өттү.

Катышуучулар жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, сасык тумоого каршы эмдөө жана кургак учуктун алдын алуу, мектептерде видеокөзөмөлдөрдүн иштеши талкууланды.

Биринчи суроо боюнча Ленин райондук жашы эете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги М. Асилов мектеп окуучуларынын арасында суициддик жүрүм-турумдун алдын алуу жана зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында мектеп психологу менен социалдык педагогдун ишине көзөмөлдү күчөтүү, укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мектеп коопсуздук кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коопсуздукту күчөтүү зарылдыгы айтылды.

Экинчи суроо боюнча №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Мондошева Ч.А курч респиратордук оорулар жана кургак учук боюнча кыскача маалымат берди.

Оорунун алдын алуу үчүн жана мугалимдер окуучулар менен тыгыз иштешкендиктен, сасык тумоого каршы вакцинаны бекер ала алышат. Коронавирус дагы деле коркунучтуу болгондуктан, коронавируска каршы эмдөө сунушталат. «Синофарм» вакцинасы учурда Кыргызстанда бар жана аны ҮМБдан алса болот.

Үчүнчү маселе боюнча райондук билим берүү башкармалыгынын директору Т.Э.Темирканова билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин милдеттерине мектептеги бардык видеокамералардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу кирерин, эгерде мектептин айланасында кандайдыр бир кылмыш иштери болуп калса, ал видеокамерага тартылып алынарын белгиледи.