№33-мектеп-гимназиянын базасында Билим берүү башкармалыгы тарабынан "Зомбулуксуз мектеп"  борбор калаадагы мектеп директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана социалдык педагогдору  үчүн ата-энелер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү аталышындагы  шаардык семинары өткөрүлдү.

2012-жылдан бери программа гимназиянын окуу-тарбия иштеринин түзүмүнө "Зомбулуксуз мектеп" программасы макулдашуунун негизинде мектепте киргизилген жана 10 жыл ичинде "Зомбулуксуз мектеп" долбоорун ишке ашыруу боюнча комплекстүү тарбия иштери сунушталган.

Программа 2011-жылдан бери ЮНИСЕФтин колдоосу менен "балдардын укугун коргоочулардын лигасы" КФ менен өнөктөштүктө республиканын бардык региондорундагы 28-мектепте пилоттук долбоор катары ишке ашырылып келет.

№33-мектеп-гимназиясы иш тажрыйбаны  колдоо жана жайылтуу боюнча маалыматтык-методикалык борбор болуп саналат.
"Зомбулуксуз мектеп" программасы балдарды зомбулуктан жана катаал мамиледен коргоонун эң натыйжалуу багыттарын камтыйт, ал эрте алдын алуу системасын түзөт, ошондой эле туруктуу иштөөчү коргоо жана реабилитациялоо системасын түзөт.

Бул программаны мектептерде ишке ашыруу балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоонун  ички жана тышкы системасын түзүүгө жардам берип, мектеп коомчулугунда окуучулардын өздөрүнүн, окуучулар менен мугалимдердин, ата-энелердин жана жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын ортосундагы кырдаалды чечүүгө жардам берет.

№33-МГ социалдык педагогу О.Б. Сайфутдинова тарабынан "Зомбулуксуз мектеп" программасын ишке ашыруу боюнча презентациясы 2022-жылдын 17-декабрынан 18-декабрына чейин "Улуттук нарк-улутун жүзү" республикалык форумунда көрсөтүлгөн.