Бишкекте ЕРӨБ "Жашыл шаар" иш-аракеттер планы" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүдөгү артыкчылыктуу маселелер боюнча семинар өткөрүлдү.

Бишкек шаары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) "Жашыл шаарлар" программасынын алкагында "Жашыл шаар" иш-аракеттер планын (ЖШИП) даярдоону ишке ашырат, ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылат жана Япония Өкмөтү тарабынан каржыланат.

Эл аралык консультанттар тобу муниципалитет жана ЕРӨБ менен тыгыз кызматташтыкта шаардын учурдагы экологиялык абалына баа беришти. Баалоо суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, абанын, кыртыштын жана башка шаардык активдердин сапаты, шаардык транспорт, энергияны керектөө, имараттардын энергиялык натыйжалуулугу, катуу калдыктар, жерди пайдалануу жана башка секторлор боюнча "Жашыл шаар" иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча ЕРӨБ/ЭКӨУ (Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму) методологиясына ылайык чогултулган көрсөткүчтөрдү талдоого негизделген.

Бул иш-чаранын максаты мамлекеттик органдарга жана коомчулукка жүргүзүлгөн баалоонун алдын ала жыйынтыктарын берүү жана иш-аракеттер планын андан ары иштеп чыгуу үчүн иштелип чыккан артыкчылыктарды макулдашуу болуп саналат.