Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитетте пландуу жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө борбордун башкы планын иштеп чыгуу, жашылдандыруу жана борбор калаанын ирригациялык тармактарын жакшыртуу иштери талкууланды.

Биринчи маселе боюнча борбор калаанын жакынкы 15-20 жылга жаңы башкы планын иштеп чыгуу зарылдыгын талкуулашты. Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Экинчи маселе боюнча «Бишкекжашылчарба» МИнин башчысы бүгүнкү күндө 4457 жалбырактуу дарак, 3715 ийне жалбырактуу дарак, 1024 бадал, 10500 жандуу тосмо, 160 миң жоогазын отургузулуп, 50 тонна гумус даярдалганын билдирди. Планга 11 165 даана жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн, 4 262 даана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн, 167 600 даана бир жылдык гүлдөрдү, 60 000 даана роза гүлдөрүн отургузуу жана 73 980 м2 аянтка газонду уюштуруу каралган.

2023-жылдан бери компания органикалык мульча, биогумус өндүрүү жана алар менен жашыл мейкиндиктерди мульчалоо иштерин жүргүзүүдө.

“Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасынын башчысынын айтымында, Ак-Босого конушунда 41 чакырым сугат тутуму тартылды. 2023-жылы 6 жаңы скважина бургулоо, 17,9 км ирригациялык тармактарды реконструкциялоо жана калыбына келтирүү пландаштырылууда. Жаңы скважина Профсоюз жана Нарвская, Л.Толстой-Логвиненко, Жайыл Баатыр-Чортокев, Ахунбаев-Көк-Жаңгак, Ауэзов-Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жана Театр аянтында курулат.

Жыйындын жыйынтыгында мэр «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын башчысына  10 күндүн ичинде шаардын башкы планын иштеп чыгуу үчүн архитекторлор менен жыйын өткөрүүүнү жана  Чортеков көчөсүн бойлой сейил бактын эскиздик долбоорунун берүүнү тапшырды.

«Бишкекжашылчарба» МИге жашыл аянттарды зыянкечтерден тазалоо иштерин өз убагында жүргүзүү, ошондой эле шаар күнүнө карата көчөт отургузуу акциясын уюштуруу тапшырылды.

Мэрдин орун басары  Жыргалбек Шамыралиевге рекультивациядан кийин таштанды таштоочу жайды жашылдандыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды. Мэрдин орун басары  Муратбек Осмоновго жаңы сатылып алынган автобустарды кызыкдар фирмаларга лизингге берүү, ошондой эле Юнусалиев көчөсүн узартуу маселесин кароо тапшырылды. Ал эми  Нурдан Орунтаевге муниципалдык менчикти ижарага алуучулар менен ижара келишиминин болушу боюнча иш алып баруу, биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковго унаа токтотуучу жайлар боюнча толук анализ жүргүзүү, ал эми шаардык өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигине электр кубаттоочу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар  боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилди.

Райондун жетекчилери жарандарды массалык ишембиликке тартуу боюнча ишти күчөтүшү керек. Ошондой эле бардык жарнамалар  мамлекеттик тилге ылайыкташтыруу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.