"Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы" муниципалдык мекемесинин
ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1. "Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы" мекемеси (мындан ары - Башкармалык) объекттерди куруу жана кайра куруу боюнча тапшырыкчы-куруучу кызматын жүзөгө ашыруучу, курулуштарды жана имараттарды, Бишкек шаарындагы жолдорду капиталдык оңдоону, кайрадан жаңыртууну аткаруучу Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Бишкек, шаардык кеңешинин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Башкармалык "муниципалдык мекеме" уюштуруу укуктук формадагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, эсептешүү жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар гербдүү мөөргө, тийиштүү мөөрлөргө, штамптарга, өздүк эсепке, фирмалык бланктарга ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
4. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 175.
5. Башкармалыктын аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы" муниципалдык мекемеси;
- расмий тилде: Муниципальное учреждение "Управление капитального строительства мэрии города Бишкек".
2. Башкармалыктын максаттары жана милдеттери
6. Башкармалыктын ишмердигинин максаты тапшырыкчы-куруучунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу, Бишкек шаарындагы курулуш жана реконструкциялоо объекттери боюнча капиталдык салымдарды натыйжалуу, сарамжалдуу жана негиздүү өздөштүрүү, имараттарды, жол курулмаларды капиталдык оңдоону жана калыбына келтирүүнү аткаруу.
7. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
7.1. Бишкек шаарынын комплекстүү экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн бекитилген Башкы планын план ченемдүү ишке ашыруу, курулууга тийиш шаардык пландаштыруу райондорунун деталдуу пландаштыруу долбоорлоруна курулушту жайгаштыруу долбоорлорун сактоо.
7.2. Бишкек шаарынын аймагында капиталдык куруу жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүүнүн бюджеттик каражаттарынын көлөмүн келечек жана жылдык пландаштыруу, кабыл алынган чечимдерди макулдашууну жана бекитүүнү камсыз кылуу.
7.3. Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу-архитектуралык жана курулуш ишин регламенттөөчү мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылуу:
- инвестициялык процесстин башка катышуучулары менен биргеликте турак жай-коммуналдык багыттагы объекттердин жана социалдык, маданий, тиричилик объекттердин кубаттуулуктарын аларды долбоорлоонун жана куруунун узактыгынын ченемдерине ылайык жана каржылоо лимитин эске алуу менен белгиленген мөөнөттө эксплуатацияга киргизүү боюнча тапшырмаларды аткарууну;
- прогрессивдүү технологияларды, жабдууларды, материалдарды жана конструкцияларды, өндүрүштү, эмгекти жана башкарууну уюштуруунун илим жана техниканын жаңы жетишкендиктерине ылайык алдыңкы усулдарын колдонуунун негизинде долбоорлук чечимдердин натыйжалуулугун, ошондой эле архитектура жана шаар куруунун сапаттуу деңгээлине болгон заманбап талаптарды сактоону;
- капиталдык салымдарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана инвестициялык циклдин узактыгынын кыскарышын.
3. Башкармалыктын негизги иш-милдеттери
8. Башкармалык жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
8.1. Башкармалык белгиленген мыйзамдык тартипте Бишкек шаарындагы тапшырыкчы-куруучунун жана капиталдык оңдоо, реконструкциялоо боюнча техникалык көзөмөлдөөнүн, турак жай-коммуналдык багыттагы объекттерди жана социалдык, маданий, тиричилик объекттерди капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-милдеттерин жүзөгө ашырат. Бишкек шаарындагы объекттерди куруу жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүүгө байланыштуу курулуштарды бузуу боюнча бирдиктүү тапшырыкчынын иш-милдетин жүзөгө ашырат, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилген, ыйгарылган компетенциялар жана ыйгарым укуктардын чегинде бүтпөгөн курулуш объекттерин эсепке алууну жана контролдоону жүргүзөт.
8.2. Имараттарды жана курулуштарды капиталдык курууга жана реконструкциялоого, капиталдык оңдоого жана калыбына келтирүүгө подряддык келишимдеринде каралган милдеттер менен катар Башкармалык Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу-архитектуралык жана курулуш иштерин регламенттөөчү мыйзамдарга ылайык төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- капиталдык салымдар, капиталдык оңдоо жана башка чыгымдар беренеси боюнча бюджеттик каражаттардын белгиленген чегинде Бишкек шаарындагы имараттарды жана курулуштарды капиталдык курууга жана реконструкциялоого, капиталдык оңдоого жана калыбына келтирүүгө келечек жана жылдык пландарды, ушул жыл үчүн курулуштардын титулдук тизмелерин түзүүгө, ошондой эле бюджеттик ассигнованиелердин бекитилген лимиттеринин чегинде объекттер боюнча курулуш-монтаждоо жумуштарына (КМЖ) жана оңдоо-курулуш жумуштарына (ОКЖ) лимиттердин көлөмдөрүн кайра кароого катышат;
- Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан республикалык жана шаардык бюджеттен каржылануучу имараттарды жана курулуштарды капиталдык куруу жана реконструкциялоону, капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүүнү жөнгө салууну, уюштурууну жана башкарууну жүзөгө ашырат;
- курулуп бүтпөгөн объекттерди жоюу боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашырат;
- көп батирлүү турак үйлөрдүн жанындагы короо алдындагы чек араларды аныктоодо пайда болуучу талаш кырдаалдар боюнча макулдашуу комиссияларын өткөрүүдө уюштуруу ишин жүзөгө ашырат жана ага катышат;
- ишти уюштурууну жүргүзөт жана бузулуучу курулуштарды баалоо жана курулуштарды бузууда пайда болгон талаштарды чечүү боюнча комиссияларга катышат;
- долбоорлоо-сметалык документтерди (мындан ары - ДСД) иштеп чыгуу үчүн негизги маалыматтарды берет, алардын толуктугун жана сапатын камсыз кылат;
- инвестордун менчигинин түрүнө карабастан, уюмдаштыруучунун атынан же инвестордун атынан подряддын инвестициялык келишими боюнча ДСДны иштеп чыгууга архитектуралык-пландаштыруу тапшырмасын (АПТ) жана инженердик-пландаштыруу тапшырмасын (ИПТ) иштеп чыгууга катышат, белгиленген тартипте анын макулдашуусун жүргүзөт;
- тиешелүү лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактар менен долбоорлоо-иликтөө, зарыл учурда илимий-изилдөө иштерин да аткарууга келишимдерди түзөт;
- эксплуатациялык кызматтардан долбоорлонуп жаткан объектти иштеп жаткан коммуникацияларга кошуунун техникалык шарттарын алат;
- тиешелүү лицензиясы бар долбоорлоо уюмдарына долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгууга тапшырыкты жайгаштырат;
- Бишкек шаарына тиешелүү эксплуатациялык кызматтарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгында (мындан ары - Бишкекбашкыархитектура) долбоорлук чечимдерди макулдашууну жүзөгө ашырат;
- долбоордун авторлорун долбоорлоо-иликтөө иштерин жүргүзүү жана ДСДны иштеп чыгуу үчүн долбоордун зарыл болгон негизги маалыматтары менен камсыз кылат;
- ДСДны иштеп чыгуу жана тапшыруу графигин долбоорлоо уюмдары менен макулдашат, анын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;
- белгиленген тартипте ДСДны макулдашууну, бекитүүнү жана кайра бекитүүнү жүргүзүүнү, ошондой эле ДСДга подрядчылар жана(*)
- курулуш аянттарын даярдоого жана өздөштүрүүгө катышат;
- курулуш үчүн геодезиялык ылгоочу негизди түзөт;
- тиешелүү органдарда курулуш объекттерин жана квалификациялык тастыктамасы бар курулуш жумуштарын жүргүзүү, тиешелүү автордук жана техникалык көзөмөл үчүн жооптуу кызмат адамдарын каттайт жана тиешелүү КМЖны аткарууга "уруксат" алат. Каттоодон өткөн маалыматтар өзгөргөн же объекттер башкага өтүп кеткен учурда аларды кайра каттоону жүргүзөт. Объекттерди куруунун жүрүшүндө мамархкурулушкөзөмөлдү жүзөгө ашырууга келишимдерди түзөт жана объектти куруу башталганга чейин подрядчыга КМЖны аткарууга "уруксатты" өткөрүп берет;
- объекттерди курууга жана курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш жумуштарынын көлөмдөрүнүн бекитилген долбоорлоо чечимдерине, бекитилген сметалык наркка, ошондой эле аткарылган жумуштарды өндүрүүгө жана кабыл алууга курулуш ченемдери жана эрежелеринин (КЧжЭ) сапатына жана анын сакталышына катуу контроль жана техникалык көзөмөл жүргүзөт;
- объекттерди курууну аткаруу мөөнөттөрүнүн сакталышы боюнча чараларды көрөт;
- долбоорлоо уюмдары тарабынан автордук көзөмөлдүн жүзөгө ашырылышын камсыз кылат;
- ДСДны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө архитектуранын жана шаар куруунун жогорку сапаттуу деңгээлин камсыз кылуу үчүн көзөмөл жүргүзөт;
- зарыл болгондо долбоордун авторуна курулуп жаткан объекттерди ишке киргизүү комплекстерин бөлүп берүүгө тапшырма берет;
- аткаруучу шаар куруучулук документтерге жыйынтыктарды киргизүү үчүн кийин аларды Бишкекбашкыархитектурада макулдашуу менен зарыл болгон контролдук геодезиялык аткаруучу сүрөттөрдүн баарын аткарат;
- бекитилген долбоорлук чечимдерге курулуп жаткан имараттардын жана курулуштардын долбоор менен бекитилген принциптерин бузбаган жана алардын бекемдиги менен жер титирөөгө туруштук берүүсүнө таасир этпеген инженердик, конструкциялык жана архитектуралык-пландоочулук өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген учурда, аларды долбоордун автору менен макулдашат жана макулдашылган өзгөртүүлөр менен толуктоолордун баарын кийин белгиленген тартипте бекитилген ДСДга киргизет;
- бекитилген долбоорлук чечимдерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча жана бекитилген сметага каршы курулуш жумуштарынын көлөмдөрүн көбөйтүү же азайтуу боюнча подряддын келишимине кошумча макулдашууну жол-жоболоштурат;
- курулуш жумуштарын аткарууда колдонулуучу материалдардын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатын ырастоочу даярдоочу завод жана курулуш өнүмдөрүн тастыктоо боюнча мамлекеттик органдын тастыктамаларынын жана паспортторунун бар экендигин текшерет;
- курулуп жаткан объекттерде тастыктоодон өтпөгөн материалдарды, конструкцияларды, буюмдарды жана жабдууларды, ошондой эле туура эмес монтаждоонун, сактоонун, кампага жыюунун, ташуунун натыйжасында сапаттык мүнөздөмөлөрүн жоготкон материалдарды, конструкцияларды, буюмдарды жана жабдууларды пайдаланууга тыюу салат;
- жалпы курулуш жумуштары, атайын жумуштар өндүрүшүнүн журналдарынын өз убагында жана туура толтурулушуна контролду жүзөгө ашырат, ал эми эреже бузуулар табылган учурда кетирилген эреже бузууларды көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюу боюнча тез чараларды көрүү жөнүндө подрядчыларга карата талап коёт;
- объектти курууга жооптуу болгон подрядчы жана долбоорлоо уюмдары менен биргелешип көмүскө жумуштарды күбөлөндүрүү актыларын жана металл каркастарынын ширетилген бирикмелери менен металл конструкцияларынын, монолит бетонунан жасалган курулуш конструкцияларынын лабораториялык сыноосунун жыйынтыктарын эске алуу менен жооптуу конструкцияларды орто-аралыкта кабыл алуунун жана кыш кыноонун долбоорлук категориясынын ылайыктуулугунун, ошондой эле оордук келүүчү конструкциялык элементтердин пландык-бийиктик белгилери боюнча иш жүзүндөгү четтөөлөрүн киргизүү менен кабаттар боюнча аткаруу схемаларынын актыларын жол-жоболоштурат;
- жабдууларды, тышкы жана ички сантехникалык жана электр монтаждоо тутумдарын күбөлөндүрүүгө жана жабдууларды сыноого түздөн-түз катышат, аткарылган жумуштарды кабыл алуунун тиешелүү актыларын түзүүгө жана аларга кол коюуга катышат;
- Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык багыттагы жана социалдык, маданий, тиричилик объекттеринин, ошондой эле башка инфраструктура объекттеринин кубаттуулуктарын пайдаланууга берүүнү камсыз кылат, аларды кабыл алуу эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат;
- курулуп бүткөн объектти пайдаланууга кабыл алуу боюнча жумушчу комиссияны дайындайт жана жүргүзөт, жумушчу кабыл алуу комиссиясынын актысын белгиленген тартипте бекитет жана Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясына түздөн-түз катышат;
- объектти Бишкек шаарынын тиешелүү ишке берүүчү уюмдардын жана кызматтардын балансына, бекитилген ДСДны жана аткаруучу техникалык документтерди өткөрүп берүүнү жол-жоболоштурууну жүзөгө ашырат.
4. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери
9. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкармалыктын ишин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди түзүүгө;
- өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алууга, түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча керектүү чараларды көрүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алууда зарыл болгон маалыматтарды республиканын статистикалык уюмдарынан, министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, ишканаларынан, мекемелеринен, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын бөлүмдөрүнөн, түзүмдүк ведомстволук жана аймактык органдарынан талап кылууга жана алууга;
- Башкармалыктын иш чөйрөсүнө тиешелүү маселелерди иштеп чыгуу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун, ишканалардын, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн, окумуштууларды жана адистерди Бишкек шаарынын мэриясынын атынан ишке тартууга;
- өз компетенциясына тиешелүү чакан көйгөйлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду жана убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө;
- Бишкек шаарынын мэриясынын иштерин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматчыларын ишке тартууга, ошондой эле жумушчу топторду түзүүгө;
- Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча, семинарларга жана кеңешмелерге катышуу үчүн республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүн ишке тартуу үчүн кеңешмелерге жана семинарларга белгиленген тартипте чакырууга, өткөрүүгө жана катышууга;
- Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан чакырылган коллегиянын отурумдарына, тиешелүү кеңештерге, кеңешмелерге катышууга;
- мамлекеттик жана коомдук органдарда Уюмдаштыруучунун, долбоорлонуп жана курулуп жаткан объекттердин инвесторлорунун кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жана коргоого;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан жеке жана юридикалык жактардын ишине ылайык келген лицензияларынын бар экендигин мыйзамдарда белгиленген тартипте текшерүүгө;
- курулуп жана реконструкцияланып жаткан имараттар менен курулмалардын оордук көтөрүүчү конструкцияларынын бекемдигин жана жер титирөөгө туруштук бере алуусун төмөндөтүүгө алып келген курулуш ченемдери жана эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн күнөөлүү болгон жооптуу жактарга карата чараларды көрүү үчүн материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө;
- өз максаттарын, милдеттерин жана идеяларын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу эркин пропагандалоого жана маалымдоого;
- өндүрүштүк жана чарбалык ишти, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка ишти жүзөгө ашырууга;
- мүлктүн Уюмдаштыруучу-менчик ээсинин макулдугу менен мекеменин мүлкүнө ээ болууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө;
- бирдей максаттагы жана милдеттеги эл аралык, чет өлкөлүк жана республикалык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө;
- каржы-сметалык эсептөөлөр жыйындысы менен мурда бекитилген долбоорлук тапшырмаларды тактоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуна сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө. Капиталдык салымдардын жана курулуш монтаждоо жумуштарынын пландарын бул тармак боюнча капиталдык салымдардын белгиленген жалпы көлөмдөрүнүн чегинде курулуштардын ортосунда кайра бөлүштүрүп берүүгө;
- ушул Жобого ылайык социалдык, маданий, тиричилик, коммуналдык жана турак жай-жарандык багыттагы объекттерди курууга ДСДны бекитүү жөнүндөгү сунуштарды Бишкек шаарынын мэриясынын жана башка уюмдардын кароосуна киргизүүгө;
- подрядчылардан КМЖнын бекитилген ДСДга ылайык сапаттуу аткарылышын, курулуш жана ишке киргизүүнү жөнгө салуучу жумуштарды жүргүзүүдө жана курулуштун жер титирөөгө туруштук бере алуусунун ченемдеринин жана курулуш өндүрүшүнүн технологиясынын сакталышын талап кылууга;
- курулуш ченемдери жана эрежелери, техникалык шарттары жана курулуш өндүрүшүнүн бекитилген долбоорлук чечимдерден жана жумушчу чиймелерден четтөө менен аткарылган курулуш боюнча жумуштарды кабыл албоого, курулушту токтотууга жана акы төлөбөөгө, кетирилген эреже бузуулар менен жараксыз жумуштарды жоюуну талап кылууга;
- курулушта кырсык коркунучу болгон учурда бул жөнүндө подрядчынын жетекчилигине, долбоорлоочуга жана башка тиешелүү уюмдарга маалымдоо менен курулушту токтотууга;
- подрядчы тарабынан жооптуу кызматчы жактын-тапшырыкчынын техникалык көзөмөлүнүн кетирилген, анын ичинде курулуштун сейсмикалык ченемдеринин эреже бузууларды жоюу жөнүндө мыйзамдуу талаптары такай аткарылбай келсе, жооптуу кызматкерди анын квалификациялык тастыктамасын жокко чыгаруу жана подрядчынын лицензиясынын колдонулушун токтотуу менен жумуштарды жүргүзүүчүнүн милдеттерин аткаруудан четтетүү жөнүндө маселени Архитектура жана курулуш боюнча көзөмөл органынын алдына коюуга;
- Мамкурулушэкспертизанын оң корутундусу жана Бишкек башкы архитектура менен макулдашуусу жок долбоорлоо-сметалык документтерди бекитүүгө кабыл албоого жана акы төлөбөөгө;
- Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине мурда даярдалган долбоорлоо-сметалык документтерге, ошондой эле алар боюнча курулуш жүргүзүлбөгөн долбоорлоо-иликтөө жумуштарына кеткен чыгымдарды эсептен чыгаруу жөнүндө маалымат берүүгө;
- Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Башкармалыкка жүктөлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген башка укуктарды аткарууга;
- Жободо көрсөтүлгөн ишинен алынган кирешелер же ал кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк Уюмдаштыруучу менен макулдашуу боюнча Башкармалыктын өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
Башкармалык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз ишин ушул Жобонун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын куруу комплексинде колдонуудагы ченемдик техникалык талаптарды, ошондой эле ченемдик укуктук, келишимдик, пландык, каржылык жана төлөмдүк тартиптерди сактоону камсыз кылууга;
- лицензиялоого тийиш болгон бардык жүзөгө ашырылуучу иштери үчүн мамлекеттик лицензияга ээ болууга.
5. Башкармалыктын ишин уюштуруу
10. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын жогорку органы болуп эсептелет, ал мыйзамдарга ылайык Башкармалыкты түзүү, Башкармалык жөнүндө Жобону бекитүү жана өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу, Башкармалыктын түзүмүн, штаттык ырааттамасын бекитүү, Башкармалыктын начальнигин жана орун басарларын дайындоо жана бошотуу маселелерин чечет.
11. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын ишине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
Башкармалыкты муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу начальник башкарат.
12. Башкармалыктын начальниги:
- Башкармалыктын ишин уюштурат жана жетектейт;
- Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген чектелген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде Башкармалыктын штаттык ырааттамасын, түзүмүн жана иш тартибин бекитүүгө сунуштайт;
- бекитилген штаттык ырааттамага жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык, сынактык негизде Башкармалыктын кызматкерлерин жана жумушчуларын кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамиледе Башкармалыктын өкүлү болот;
- Башкармалыктын атынан ишеним катсыз келишимдерди түзөт;
- Башкармалыктын кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Башкармалыктын мүлкүн, акча каражатын кошуу менен башкарат жана бардык каржы документтерине кол коюуга укуктуу;
- Башкармалыктын кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген сметага ылайык, Башкармалыктын кызматкерлерин жана жумушчуларын сыйлоо жана жаза көрүү чараларын кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык, Башкармалыктын иш шарттамын белгилейт.
13. Башкармалыктын начальнигинин үч орун басары болот.
- Башкармалыктын начальнигинин орун басары Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат;
- Башкармалыктын начальниги иште жок болгон (убактылуу эмгекке жараксыздык, кызматтык иш сапар ж.б.) же Башкармалыктын начальнигинин ыйгарым укуктары токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктарын Башкармалыктын начальнигинин орун басары жүзөгө ашырат.
6. Башкармалыктын материалдык-финансылык камсыздалышы
14. Башкармалыкка мүлк ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
15. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилген мүлктү (негизги каражаттарды) тескөөгө укуктуу.
16. Башкармалыкты күтүүгө чыгымдарды каржылоо бекитилген чыгымдар сметасына ылайык, шаардык, республикалык бюджеттин жана атайын каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
7. Эсепке алуу жана отчёттуулук
17. Башкармалык өзүнүн чарбалык иштеринин жыйынтыктарын эсепке алууну жүзөгө ашырат, белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту жүргүзөт жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
18. Башкармалыктын начальниги жана башкы бухгалтери эсепке алуунун жана отчёттуулукту жүргүзүү тартибинин сакталышы, анын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
8. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу
18. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
19. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.