Ар кандай объектилер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жакынкы убакта алынбайт. Бул тууралуу жер реформасы жана Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүү боюнча онлайн брифингде борбор шаардын жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Вице-мэр белгилегендей шаардык кызматтар жер участокторун кайтарып алууда, санарип технологияларын ишке киргизгендиктен, бул иш шаардыктар үчүн ачык-айкын, жеткиликтүү жана ачык жүргүзүүгө шарт түзөт, албетте коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт.

Шаарга 4,9 га жакын жерди кайтарып берүү, ошондой эле муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн 100 миллион сом суммасында дебитордук карыздарды өндүрүү пландаштырылууда.

А. Алымкулов кошумчалагандай, дебитордук карызы бар жер участокторунун ижарчыларын аныктоо иштери 1-сентябрдан башталган. Октябрь айынан баштап 6 айдан ашык дебитордук карызы бар ижарачыларга карата мамилелерди бузуу боюнча чаралар көрүлөт.

2-сентябрга карата шаарга төмөнкү жер участоктору кайтарылды:

“Ак-Кула” шаардык ипподромунун айсагында, аянты 57,4 га;

Шабдан-Баатыр көчөсү 4 боюнча автобазанын мүлк комплекси жер участогу менен аянты 5,028 га;

“Адинай” паркындагы аянты 3,66 га жана 0,306 га жер участоктору:

Ю.Фучик атындагы парктын жайкы кинотеатрынын имараты (турак эмес жай) 0,1013 га жер участогу менен.

Ошондой эле, төрт бала бакчанын имараты шаардын балансына өткөрүлүп берилип, Рабочая көчөсү 1 деги бир мектепке чейинки билим берүү мекемесин кайтаруу пландаштырылууда.

Урматтуу ижарачылар-ишкерлер! Сиздерди келишимдин шарттарын бузбоону, муниципалдык менчикти пайдаланганыңыз үчүн ижара акысын өз убагында төлөөңүздөрдү өтүнөбүз.

Борбордун жер саясаты боюнча кызматтарынын иштеринин жүрүшү туурасында биле аласыз:

Муниципалдык мүлк башкармалыгы (ММБ): https://www.meria.kg/ru/post/20718

Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ): https://www.meria.kg/ru/post/20719

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы (ЖПКБ): https://www.meria.kg/ru/post/20722

Төмөнкү шилтеме боюнча брифингдин тамсасын тапса болот: https://www.facebook.com/312Bishkek/videos/336852887507103;Вице-мэрдин  брифингинин толук тексти бул жерде: 2.09.2020

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!